28- Октябрь 2005 -жылыЭдил Байсалов башында турган “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында “Биз Ф.Куловду колдойбуз!” деген ураан менен митингге чыгышкан
Эдил Байсалов башында турган “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын демилгеси менен Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн митингге миңден ашуун адам катышкан. Алар колдоруна “Кылмыш дүйнөсүнө каршы эл биримдикте”, “Биз Феликс Куловду колдойбуз”, “Элдин президенти бар” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушкан. Аталган коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов президент Курманбек Бакиевдин иш аракеттерин сынга алып, кылмыш дүйнөсү менен чечкиндүү күрөшүүгө чакырган. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди уюшкан кылмышкерлер менен сүйлөшүүгө барып, аларды тымызын колдоодо деп айыптаган.