28- Октябрь 1967 -жылы
Америкалык актриса Жулия Робертс төрөлгөн
Америкалык актриса Жулия Робертс АКШнын Жорджия штатындагы Смирна шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жулия мектепти бүткөндөн кийин Манхэттен шаарына келип, дүкөндө сатуучу болуп иштеп калган. Ал 19 жашка толгондо агасы Эрик аны киного тартылууга чакырган. Жулиянын алгачкы тартылган киносу "Кызыл кан" деп аталган. Андан соң ушул сыяктуу бир-эки кыска метраждуу фильмге тартылган Жулияны америкалык режиссёр Гарри Маршалл "Красотка" фильмине баш каармандын ролун аткарууга чакырган. Бул фильмден кийин актриса Голливуд жылдыздарынын катарына кирген.