Кыргыз тили жана кыргыз адабияты окуу куралдарынын түзүүчүлөрүнүн алгачкы муундагы өкүлдөрүнүн бири, котормочу Зияш Бектенов Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.
1925-жылы өз айылындагы башталгыч мектепти, 1930-жылы Фрунзедеги педтехникумду, 1940-жылы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1930-жылы Сүлүктү шаарында райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен баштаган.
1931-1932-жылдары Борбордук басма комитетинин Президиумуна караштуу СССР элдеринин борбордук басмасынын Кыргыз секциясынын жооптуу катчысынын орун басары, Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окутуучу,
1932-1934-жылдары Кыргызмамбаста окуу-методикалык бөлүмдүн башчысы,
1940-1942-жылдары Пржевальскидеги мугалимдер институтунда директордун орун басары болуп иштеген.
1942-1946-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1946-жылдан СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын тил адабият институтунда фольклор жана "Манас" эпосу секторунун башчысы жана кенже илимий кызматкер,
1956-1961-жылдары "Мектеп", "Кыргызстан" басмаларында жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында иштеген.
Ал эми 1961-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун ыкмалары кафедрасында ага окутуучу жана доцент болгон.
1933-жылы Т.Байжиев менен тең авторлукта биринчи жолу 3-4-класстар үчүн кыргыз тили окуу китебин чыгарышкан, ал эми 1949-жылы орто мектептер үчүн кыргыз адабияты боюнча биринчи окуу китебин түзүшкөн.
З.Бектенов А.Н.Островскийдин, Н.В.Гогольдун, К.Гольдонинин, Д.Фонвизиндин, А.М.Горькийдин, А.А.Фадеевдин, Н.Хикметтин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. З.Бектенов көп жылдар бою "Манас" эпосун изилдеген. Анын эмгектери "Маданий майдан", "Ала-Тоо" журналдарында жарык көргөн. 1986-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
"1941-1945-жылдары Германия менен болгон согуштагы жеңиши үчүн", "Эмгек ветераны" медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги.
1949-жылы З.Бектенов негизсиз репрессияга туш болуп 10 жылга соттолуп, эркинен ажыратылган. 1955-жылы толугу менен акталып бошотулган жана бардык жарандык укуктары калыбына келтирилген.