Кыргызстандык реставраторлор “Манас” күмбөзүн оңдоо ишин дээрлик бүткөнүн билдиришкен. Реставраторлордун жетекчиси Борис Помаскиндин билдирүүсүнө караганда, күмбөздү оңдоо ишинде 7 миң чамалуу атайын бышырылган кирпич даярдалып, жаңы кирпичтер эскилердин ордуна жаңыртылган.