Бул күнү Москвада Вячеслав Воронин жана Марина Фролова деген түгөйлөр уулдуу болушуп, уулунун атын БОЧ рВФ 260602 деп атоону чечишкен. Ал “Биологический Объект Человек рода Ворониных-Фроловых, родившийся 26.06.2002 года” деп чечмеленген. Бирок атайын мекемелер андай ат менен баланы каттоого макулдугун бербей коюшкан.