28- Ноябрь 1820 -жылы
немис ойчулу Фридрих Энгельс төрөлгөн
Немис ойчулу, коммунисттик идеологиянын негиз салуучусу жана марксизмди негиздөөчүлөрдүн бири Фридрих Энгельс туулган. Ал Германиядагы Бармен аттуу шаарда төрөлүп, 1895-жылы 5-августта 74 жаш курагында Англиянын Лондон шаарында көз жумган.
Атасы текстиль өнөр жайынын кызматкери болгон. Гимназияда окуп жаткан кезинде окуусун таштаганга туура келип, атасына жардам берип сатуучу болуп иштеген. 1838-жылы Бремен шаарына барып, соода кызматкеринин окуусуна тапшырып, ошол эле учурда "Stuttgarter Morgenblatts" гезитинин кабарчысы болуп эмгектенген. 1843-жылы Кёльн шаарындагы гезиттердин биринин редакциясында Карл Маркс менен таанышып калат. Бир жылдан соң Ф.Энгельс коммунисттик темаларда макалаларды жаза баштап, алар гезиттерде жарыяланган. Ойчул досу жана кесиптеши Карл Маркс менен биргеликте "Коммунисттик партиянын манифести" аттуу эмгекти жазышкан. Ошондой эле Фридрих Энгельс Маркс каза болгондон кийин "Капиталдын" экинчи жана үчүнчү томдорун оңдоп, басып чыгарган.