29- Ноябрь 2001 -жылы Англиялык рок-музыкант Жорж Харрисон көз жумган
Англиялык рок-музыкант, ырчы, композитор, жазуучу, продюсер, айтылуу “Битлз” тобунун соло-гитаристи Жорж Харрисон 58 жашында каза болгон.
Rolling Stone журналы тарабынан "замандын мыкты гитаристти" деп табылган Жорж Харрисон 1943-жылы 25-февралда Англиянын Ливерпуль шаарында туулган. 
1990-жылдардын ортосунан баштап музыканттын ден соолугу начарлап, 1997-жылы дарыгерлер Жорж Харрисонго кекиртек рагына кабылганын билдиришкен. Ал эми 2001-жылы ырчынын башында операция жасоого мүмкүн болбогон заладуу шишик бар экени аныкталган. Улуу музыкант жакындары менен коштошкон соң досу Пол Маккартнинин Беверли-Хиллзде жайгашкан үйүндө 2001-жылы 29-ноябрда саат 13:30да каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан