29- Ноябрь 2006 -жылы
Бишкекте Кыргыз өлкөсүнүн HIPC программасына кошулуусуна каршы акция башталган
Бишкекте Кыргыз мамлекетинин HIPC программасына кошулуусуна каршы акция башталган. Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда тышкы карыздан кутулуунун амалы катары HIPC деген программага кошулууну сунуштаган.
2007-жылдын башында HIPC программасына каршы чыккан жарандык коомдордун, бирикмелердин саны отуздан ашкан. Ушул эле жылы 20-февралда өкмөт жыйыны HIPC маселесин карап, өкмөт мүчөлөрү дээрлик каршы добуш беришкен. HIPC`ти колдоп добуш берген каржы министри Акылбек Жапаров "тышкы карыздан кутулуунун тарыхый мүмкүнчүлүгү колдон чыкты" деп билдирген. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жыйында Кыргыз өлкөсүн жер карата турган мындай программаны башынан эле колдобой келгендигин белгилеген.
2007-жылы элдин демилгеси менен кыргыз өкмөтү Улуттук банкта тышкы карызды жоюу боюнча "Элдик эсепти" ачкан. Ага колунан келген инсандар акча сала баштаган. Бирок бул "Элдик эсептин" эмне болгону, түшкөн акча кайда жумшалганы коомчулукка белгисиз бойдон калган.