29- Ноябрь 1991 -жылы Коомдук-мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов автокырсыктан каза болгон
Мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов автокырсыктан 47 жаш курагында каза болгон.
Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Москвадагы инженердик-курулуш институтун, Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Эмгек жолун Москва шаарындагы курулуш башкармалыгында жумушчу болуу менен баштаган. Ош шаарынын курулуш-монтаждоо башкармалыгында мастер, прораб, аймактын башчысы, башкы инженери, тресттин башкы технологу, партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, "Нарынгидрострой" курулуш башкармалыгынын парткомунун катчысы, комсомолдун Ош обкомунун биринчи катчысы, КП БКнын курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы, Кыргыз ССР Курулуш министри, Кыргыз ССР Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Кыргыз ССРинин министри, Эл депутаттарынын Ысык-Көл облустук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-президенти, 1991-жылдын 22-январынан Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеген. Экономика илимдеринин кандидаты. СССР Инженердик академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эл депутаты болуп шайланган. "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу ордендери жана "Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган. Капиталдык курулуш жана башкаруу системин өркүндөтүү боюнча илимий эмгектердин автору.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан