16- Ноябрь 1918 -жылы Венгрия Австро-Венгрия империясынан бөлүнүп, республика деп жарыяланган
Биринчи Дүйнөлүк Согуштан кийин 1918-жылы 31-октябрга караган түнү Австрия жана Венгриянын аймагында революция башталган. Ага бийликке нааразы болгон пролетариат, кичи буржуазия жана эмгекчил дыйкандар катышкан. Төңкөрүштүн жыйынтыгында 1918-жылы 16-ноябрда Венгрия Австро-Венгрия империясынан бөлүнүп, Венгрия Элдик Республикасы деп жарыяланган. Анын алгачкы президенти болуп Михай Кар шайланган.Ошондой эле Венгрия Улуттук Кеңеши өлкөдөгү мыйзам чыгаруучу орган катары түзүлгөн. Ал эми 1919-жылы 21-мартта өлкө Советтик Венгрия Республикасы болуп жарыяланган. Учурда Венгрия демократиялык-парламенттик республика болуп эсептелет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан