16- Ноябрь 1945 -жылы Бириккен Улуттар Уюмунун илим, билим жана маданият боюнча адистештирилген мекемеси - ЮНЕСКО түзүлгөн

Мындан 71 жыл мурун, 1945-жылы 16-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун илим, билим жана маданият боюнча адистештирилген мекемеси - ЮНЕСКО (UNESCO — United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization) Лондондо 37 мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн. Штаб-квартирасы Франциянын борбору Парижде жайгашкан бул уюмдун аткаруучу кеңеши 58 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турат.

Бул мекемени түзүүдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун максаты - Билим, илим жана маданият тармагында дүйнө элдеринин ортосундагы кызматташтык жолу аркылуу дүйнөнү бекемдөө жана андагы коопсуздукту орнотуу. Ошондой эле адамдарды адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту, адам укуктарын жана БУУнун уставында жазылган негизги эркиндиктерди сыйлоого үндөө. Учурда ЮНЕСКОго 195 мамлекет мүчө, 2 өлкө байкоочу жана аталган уюмдун 10 ассоциацияланган мүчөсү бар.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан