2- Декабрь 2011 -жылы
Кулчулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү
Эл аралык кулчулукту жоюу үчүн күрөшүү күнүн белгилөө 1949-жылы 2-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан колдоого алынган. Адамдарды сатуу жана үчүнчү тараптын сойкулукту эксплуатациялашына каршы күрөшүү боюнча конвенция менен тыгыз байланышта. БУУнун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 21 миллион адам кулчулукта жашайт. Айрым булактарга таянсак, жыл сайын адамдарды сатуудан болжол менен 10 миллиард доллар киреше түшөт.