Биздин күнөстүү мамлекетибиздин дээрлик көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Тоолук эл катары жашоо тиричилигибиз, табиятыбыз ошол улуу тоолор менен тыгыз байланышкан. 2003-жылы Кыргызстанда Тоолордун эл аралык жылында ЮНЕСКОнун чечими менен атайын саммит өтүп, ага бүткүл дүйнө жүзүнөн делегаттар катышып, БУУнун жакшы пикирин жараткан. Ошентип, тоолордун эл аралык күнү 2003-жылдан бери белгиленип келет.