11- Декабрь 2011 -жылы
Танго бийинин эл аралык күнү
Бул күн аргентиналык ырчы, композитор, актёр жана бийчи, "Тангонун падышасы" атыккан Карлос Гарделдин туулган күнү. Латын америкалыктар Карлос Гарделди "бийдин Кудайы" деп аташып, анын танго бийинин өнүгүшүнө кошкон салымы зор деп келишет. Мына ошондон улам, 1978-жылы Аргентинада Танго күнү белгиленип, андан көп өтпөй бул күн Танго бийинин эл аралык күнү деп аталып калган.