18- Ноябрь 1899 -жылы
америкалык дирижёр Юджин Орманди төрөлгөн
Теги венгриялык болгон америкалык дирижёр Юджин Орманди туулган. Ата теги еврейлер болушкан. Юджин Орманди 5 жашында Венгриянын Музыка академиясына тапшырып, эки жылдан кийин жеке концертин берген. Ормандинин эс тутуму жакшы болгон жана чыгармаларды партитурасы менен гана жаттап кала алган. Дирижёрлукта эч кандай таякчаны жана ноталарды колдончу эмес. Ал жетектеген концерттер ийгиликтүү болуп, ар кандай сыйлыктарга ээ болгон.