18- Ноябрь 1962 -жылы
даниялык физик Нильс Бор каза болгон
Даниялык физик Нильс Бор жүрөк оорусунан каза болгон.
Нильс Бор 1885-жылы 7-октябрда Копенгагенде төрөлгөн. Бала чагында математика, физика жана философияга жакын болгон. Мектепти аяктаган соң, 1903-жылы Копенгаген университетине тапшырып, 1910-жылы магистр даражасына ээ болгон. 1911-жылы доктордук диссертациясын жактаган. Диссертациялык ишинде Бор Лоренцтин идеяларын кеңейтип, статистикалык механика теориясын далилдеген. Бул теорема "Бордун теоремасы" деп аталган. Нильс Бор азыркы физиканын түзүүчүсү, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1922). Даниянын падышалык коомунун мүчөсү (1917) жана 1939-жылдан баштап анын президенти болгон. Бор атомдун квант теориясын алгачкы түзүүчүсү катары белгилүү.