"Уран" операциясы - Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин Сталинград стратегиялык чабуулунун жашыруун аталышы. Бул контрчабуул 1942-жылдын 19-ноябрында башталып, 1943-жылдын 2-февралында аяктаган. Контрчабуулдун максаты Сталинграддагы душмандарды курчоо жана жокко чыгаруу болуп, ага үч фронттун аскерлери катышкан: Түштүк-Батыш (генерал Н.Ф.Ватутиндин башкаруусунда), Сталинград (генерал А.И.Еременконун башкаруусунда) жана Дондун (генерал К.К.Рокоссовскийдин башкаруусунда). Үч фронттун иш-аракеттерин Башкы штабдын жетекчиси А.М.Василевский координациялаган.