3- Декабрь 1963 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов туулган

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов 1963-жылы 3-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Баштөбө айылында туулган.

Ал 1986-жылы Воронеж политехникалык институтунун физико-техникалык факультетин, 1992-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн. 2008-жыл Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Юриспруденция” кесибин артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1980-жылы Өзгөн районунун “Өзгөн” совхозунда жумушчу болуп баштаган.

1986–1988-жылдары “50-летия Киргизской ССР” заводунун чебери;

1988–1991-жылдары аталган заводдун өндүрүш цехинин башчысынын орун басары;

1991-1992-жылдары цехтин башчысы;

1992-1993-жылдары заводдун экономикалык суроолор боюнча директордун орун басары;

1993-1997-жылдары “ТНК “Дастан” ишканасынын экономика боюнча вице-президенти;

1997-2004-жылдары “ТНК “Дастан” ишканасынын башкы директордун экономика боюнча орун басары;

2004-2005-жылдары “ТНК “Дастан” ишканасынын коммерция боюнча директору;

2005-жылдын мартында Жогорку Кеңештин №38 бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган.

2006-жылы эмгек жана миграция саясаты боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.

2007-жылдын ноябрынан декабрга чейин “ТНК “Дастан” ишканасы, башкарманын төрагасы;

2007-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештеги “Ак-Жол” фракциясынын лидери болгон.

2016-жылдын май айында "Бир Бол" саясый партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.http://www.super.kg/kabar/news/255157/

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан