5- Декабрь 1960 -жылы
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, экс-министр Марат Султанов туулган
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы жана V чакырылыштын “Ата Журт” партиясынан шайланган депутаты, экс-министр Марат Султанов Фрунзе шаарында төрөлгөн.
1983-жылы Москва шаарындагы Болот жана аралашмалар институтун аяктаган. 1994-1998-жылдарда Улуттук банктын төрагасы, 1998-2000-жылдары каржы министри, 2000-2005-жылдарда Жогорку Кеңештин депутаты, 2006-2007-жылдары парламенттин спикери, 2009-2010-жылдар ичинде кайрадан каржы министри болуп иштеген.