6- Декабрь 1955 -жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаты, “Республика” партиясынан шайланган Роза Акназарова туулган
Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты, “Республика” партиясынан шайланган Роза Акназарова Жалал-Абад областындагы Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган.
Билими – жогорку. 1978-жылы КМУнун каржы жана насыя факультетин, 1981-1985-жылдары Москва шаарындагы Айыл чарба боюнча бүткүл союздук илимий изилдөө институтунун аспирантурасын бүтүргөн. Карл Маркс атындагы стипендиянын жеңүүчүсү.
Эмгек жолу:
1985-1992-ж.ж. - Кыргыз ССРинин Айыл чарба министрлигиндеги Экономика жана айыл чарба өндүрүшү боюнча кыргыз илимий изилдөө институтунда айыл чарба өндүрүшүн орнотуу жана адистештирүү секторунун улук илимий кызматкери, эмгек ресурстары жана айылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн планын илимий иштеп чыгуу секторунун башчысы;
1992-1996-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономика иштерин анализдөө жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Башкы бухгалтер-бухгалтердик эсеп-кысаптын жана отчёттуулук башкармалыгынын башчысы;
1996-1999-ж.ж. - Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды кайра бөлүштүрүү боюнча агенттиктин директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына караштуу Турак жай фондунун директору;
1999-2000-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрайымы;
2000-2001-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, комитеттин төрайымы;
2001-2005-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри;
2005-2007-ж.ж. - Социалдык өнүгүү жана ишкердик институтунун профессору;
2007-2008-ж.ж. - Ж.Баласагын атындагы КУУнун Экономика жана каржы институтунун директору;
2008-2010-ж.ж. - Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты;
2010-жылдын октябрында «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты, Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин мүчөсү;
2013-жылдын сентябрынан баштап «Республика» фракциясынын жетекчисинин орун басары.
Билимин жогорулатуу боюнча маалыматтар:
1993-ж. – макроэкономика жана каржы саясаты боюнча курс, Вена (Австрия);
1995-ж. - банктарды кайра түзүү боюнча курс, Париж (Франция).
Наамдары, сыйлыктары жана класстык чини:
- экономика илимдеринин доктору, профессор;
- «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти»;
- мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан