
Орусиялык жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, котормочу, публицист, адабият сынчысы Анатолий Васильевич Луначарский Полтавада төрөлгөн.
Швейцарияда Цюрих университетинде окуган. Карл Маркстын, Фридрих Энгельстин жана Рихард Авенариустун эмгектерин окуп, "Религия и социализм" аттуу эки томдук эмгегин чыгарган.
1898-жылы Москвага кайтып, революциялык иштерди баштап, бир жылдан кийин камакка алынып, Полтавага жиберилген. 1903-жылы большевиктер партиясына кирип, 1904-жылы камактан чыккан соң Женевада большевиктер гезитинин редактору болгон. Ленин, Богданов менен жакындашып, 1905-жылы Москвага кайтып, "Новая жизнь" гезитинде иштеп, кайрадан камакка алынган.
Швейцарияда жашап, 1917-жылы Февраль революциясы тууралуу угуп, Петроградга келип саясатка аралаша баштаган. 1917-жылдын октябрь айынан 1929-жылдын сентябрь айына чейин РСФСРдин биринчи Агартуу эл комиссары, 1905-1907-жылдардагы революциянын активдүү катышуучусу болгон.
1933-жылы Испанияга СССРдин толук ыйгарым өкүлү болуп кетип, Францияда Ментонада 1933-жылы 26-декабрда каза болгон.