10- Декабрь 1960 -жылы
Кыргыз Республикасынын мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов туулган
Кыргыз Республикасынын мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов Ош облусунун Бургунду айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн. Совет мезгилинде укук коргоо органдарында тергөөчү болуп иштеген. Кыргыз өлкөсү эгемендикке ээ болгондон тарта президент, өкмөт аппараттарында жогорку кызматтарда, министр болгонго чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда судья болгон.