14 республикалык, 8 эл аралык сынак, фестивалдардын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор жана аткаруучу Шамшыбек Өтөбаев Ноокендин Шыңсай айылында туулган. 2008-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамына арзыган. Балалыгы айтылуу Чилмайран тоолорунда өткөн. Үйдүн тун уулу болгондуктан эрке, шок өскөн. Тентектигинин айынан колхоздун чөбүн өрттөп, чоң машинасын жүргүзүп жиберип тил уккан күндөрү да болгон.Кийин республикада алгачкылардан болуп “Назик” эстрада тобун уюштурат. Андан көп өтпөй Чоро Кожомжаров жетектеген кыргыздын туңгуч эстрада тобуна солист болуп кирет. Көп өтпөй “Набат”, “Асем” деген топ түзүп, жетекчилик кылган. Бул топтор көптөгөн эл аралык жана республикалык сынак, фестивалдардын лауреаты жана жеңүүчүлөрү болгон. Кийин Ош пединститутуна мугалим болуп которулуп, “Назик” эстрадалык тобу менен 8 жылдын ичинде 12 жолу чет өлкөлөрдө кыргыз өнөрүн тартуулаган.