12- Декабрь 1984 -жылы
Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынан шайланган Жоомарт Сапарбаев туулган
Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты Жоомарт Сапарбаев Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2007-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык байланыш факультетин бүтүргөн. 2004-2005-жылдары АКШдагы Миннесота мамлекеттик университетинде билим алган.
Эмгек жолун 2002-жылы баштаган. 2005-жылдан тарта коомдук иштерде активдүү катышып келет. 2010-жылдын октябрь айында "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты.