реклама

12-июнь, 1989-жылы Ырчы Анжелика Бекболиева туулган

Кыргызстан
Ырчы Анжелика Бекболиева Бишкек шаарында төрөлгөн. 1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернаттын кыл кыяк боюнча билим алган. 11-классты борбодогу №38-орто мектебинде аяктаган. 2007-2013-жылдары КГУСТАнын Жаңы маалымат технологиялар институтунун экономика бөлүмүн аяктаган.
Анжелика Бекболиева 1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрында Марат Алыбаевдин "Каалоо" аттуу ыр менен чыккан. 2007-жылы "Өмүр багы", "Сагыныч" аттуу ырлары менен чыгып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ал эми "Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2005-жылдын супер ырчы айымы”, "2014-жылдын сахна ажары" наамдарынын ээси болгон.
  (29 жыл мурун)
 
Комментарийлер(1)
04.06.2017. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
31-05-2015
Соӊку аракети:
01-09-2017 11:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган күнүң менен Анжелика! Эмгекчил,өжөр жана мыкты апасың! Бактылуу жаша! Көз тийбесин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: