13- Декабрь 1924 -жылы
Кыргыз Кеңешинин уюштуруу съездин өткөрүү максатында атайын комиссия түзүлгөн
Кыргыз өлкөсүндө шаарлардын жоктугуна байланыштуу болсо да, алардын шаар сыяктуу келишпегендигинен улам, Кыргыз автономиялык облусунун администрациялык мекемелери 1924-жылдын ноябрь айына чейин Ташкент шаарында жайгашып келген. Кыргыз жетекчилиги Ташкент шаарынан тийиштүү чечимдерди кабыл алып, Кыргыз өлкөсүнө келип, аны жергиликтүү деңгээлге жеткиргенче убакыт өтүп, алардын мааниси эскирип кеткен учурлар арбын учураган. Облустук революциялык комитет 1924-жылдын ноябрь айында автономиялык облус борборун Пишпек шаарына которуу туурасында чечим чыгарган. Муну менен бирге облревком Биринчи Жалпы Кыргыз Кеңешинин уюштуруу съездин өткөрүү үчүн камылга көрүп баштаган. Ушул максатта облревкомдун президиуму уюштуруу съездине утурлай, шайлоо өткөрүү үчүн атайын комиссия уюштурган.