14- Декабрь 1913 -жылы Греция курамына Крит аралын күч менен кошуп алган
1898-жылы Осмон империясы Критти басып алууну көздөгөн. Европа державаларынын адмиралдар кеңеши аларды аралдан чыгып кетүүсүн талап кылган. 1898-жылы сентябрь айында түрктөр жергиликтүү гректерди өлтүрө башташкан. Европа державаларынын адмиралдары менен болгон кагышуулар Осмон султанын аскерлерин кайтарууга мажбур кылган. Грек канзаадасы Георгдун башкармалыгында "Крит мамлекети" түзүлгөн. 1899-жылы Криттен осмон аскерлери менен бирге мусулмандар дагы чыгып кетишкен. 1900-жылы Георг Европа державаларына Критти Греция менен бириктирүү меморандумун сунуштаган. Меморандум жактырылган эмес. Криттин калкы Грецияга кошулууну көздөп, массалык түрдө чыгышкан. Криттин депутаттары Георгго ант берип, Греция байрактарын илишкен. Европа адмиралдары Георгдун ордуна Александрос Заимисти коюшкан. 
Крит Грецияга 1913-жылы экинчи Балкан согушунан кийин кошулган. Болжол менен Криттин тургундарынын 90% гректер болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан