15- Декабрь 1986 -жылы
ди-джей жана ырчы Нурзада Жолдошова төрөлгөн
Ди-джей, ырчы жана телеалпаруучу Нурзада Жолдошова Аксы районунун Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. 2005-жылы мектепти аяктаган соң борбордогу Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырган. Репертуарында “Ди-джей кыз”, "Сагынамын" ж.б. ырлары бар. “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2009-жылдын супер ди-джейи” аталган.