Америкалык актриса жана фотомодель Милла Йовович Украинанын Киев шаарында актриса Галина Логинова менен врач Борги Йововичтин үй-бүлөсүндө туулган. Толук аты-жөнү - Милица (Милла) Наташа Йовович. 5 жашында үй-бүлөсү менен Лондонго, андан кийин Калифорнияга көчүп барышкан. Калифорнияда мурунку врач менен актриса жумуш таппай жүрүп, жөнөкөй үй кызматкерине айланышат. Алар үй-бүлөсү менен белгилүү кинорежиссёр Брайн де Пальманын вилласында кызмат өтөшкөн.