21- Декабрь 1913 -жылы Нью-Йорктук гезиттердин биринде дүйнөдө алгачкы кроссворд жарыяланган
Кроссворд - бул дүйнөдө кеңири тараган логикалык оюн. Ал ХХ кылымда кеңири тараган. Кроссворддун мекени тууралуу азыркы күнгө чейин так маалымат жок. Ал эми америкалыктар кроссворд дүйнөдө алгачкы жолу 1913-жылы 21-декабрда New York Post гезитинин жаңы жылдык чыгарылышында гезиттин логикалык оюндар бөлүмүнүн редактору Артур Уинндин сунушу менен басылып чыккан деп айтып келишет. Ал алгач "Ворд-кросс" деп аталган. Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан кроссворд башында жума сайын басылып, кийин башка басылмалар да кызыга башташкан. 1920-жылдары кроссворд Европага жайылып, СССРга келген. 1929-жылы "Огонек" журналына алгачкы советтик кроссворд басылып чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан