22- Декабрь 1939 -жылы америкалык ырчы Ма Рейни көз жумган
“Блюздун апасы” атка конгон америкалык ырчы Ма Рейни (чын аты-жөнү Гертруда Приджет Рейни) 53 жашында көз жумган.
Ма Рейни 1886-жылы 26-апрелде АКШнын Колумбус шаарында туулган. Ал 12-14 жашынан тартып ырдай баштаган. 1923-1928-жылдары "Paramount" компаниясы менен иштешип, 100дөн ашык ырды жаздырган. Ал өзүнүн күчтүү үнү менен башкалардан айырмаланып турган. Ырчы 1935-жылга чейин гастролдорго чыгып, андан кийин өзү туулуп-өскөн шаарына кеткен. Андан 4 жылдан соң жүрөк оорусунан каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан