24- Декабрь 1963 -жылы Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев туулган
Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билими бар. 1985-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. Ал 2001-жылдан март ыңкылабына чейин мамлекеттик “Темир” ишканасында башкы инженерден директорго чейинки кызматтарда иштеген. Ал эми март ыңкылабынан кийин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп иштеген.
2008-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясында Нариман Түлеевдин талапкерлиги Бишкек шаарынын мэрлик кызматына бир добуштан кабыл алынган.
2010-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.
2012-жылы июнь айында Түлеевге "Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген" деген айып тагылып камакка алынган. Сот баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөндө "ата журтчу" депутат "таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө да коррупциялык иштерге жол берген" деп шектелип, кайра тергөө абагында калтырылган. Мамлекеттик айыптоочулар аны "бюджетке 100 миллион сомдон ашуун зыян келтирген" деп билдиришкен.
Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы 29-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, борбор калаанын экс-мэри 11 жыл күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратылган, үй-мүлкү жана башка байлыгы мамлекеттин пайдасына конфискацияланмак. Мурдагы шаар башчы менен кошо айыпталып жаткан мэриянын беш кызматкери да 5 жылдан 13 жылга чейин кесилишкен.
11 жылга эркинен ажыратылган депутаттын жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев райондук соттун чечимине каршы экендигин билдирип, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан