Пуэрторикалык ырчы, “Грэмми” сыйлыгынын көп жолку ээси Рики Мартин Пуэрто-Риконун борбоу Сан-Хуанда төрөлгөн. 1984-жылы 13 жаш курагында музыкалык карьерасын баштап, латынамерикалык "Менудо" тобунда ырдай баштаган. 1990-жылдан баштап жеке ырчы катары чыгууну туура көрүп, топтон чыгып кеткен. Рики ал менен катар мектепти аяктап, Нью-Йоркту көздөй жөнөйт. Ал жактан Рикиге ийгилик жылмайып, мексикалык сериалда тартылып, өзүн актёр катары да сынай баштаган. Ошентип бир нече тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан.