25- Декабрь 1979 -жылы Советтик аскерлер Ооганстанга киргизиле баштаган
КПСС БКнын саясый бюросу 1979-жылы 17-мартта Ооган элине жардам көрсөтүү үчүн Советтик аскерлерди киргизүү чечимин кабыл алган. Ал эми 1979-жылы декабрдан баштап Ооган өлкөсүнө советтик аскерлер массалык түрдө киргизиле баштайт.
Ооганстанга советтик аскерлердин киргизилишин Батышта Ооганстанга кол салуу же басып кирүү катары айтылып келгени анчалык деле чындыкка коошпойт. Чындыгында советтик аскерлер өз ара согушуп жаткан тараптардын биринин чакыруусу менен киргизилген. Албетте, кошуна өлкөдө бийликте турган компартияны исламдык режимге алмаштыруу СССР үчүн окуянын жакшы жакка өнүгүүсү болмок эмес. Ал эми коммунисттер ошол эле Ооган элинин бир бөлүгү болгон.
Негизи экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Совет өлкөсү Ооганстанга көп жылдар бою плотина, тоннель, заводдорду курууга жардам берип тынчтык колдоо көрсөтүп келген. Кийинчерээк гана аскердик техника жана кеңешчилер жагынан жардам көрсөтө баштаган.
Ооганстандагы советтик аскерлер 1989-жылдын 15-февралында чыгарылган. Ушул убакыт ичинде 620 миңдей советтик офицер, жоокер кызмат өтөп, согушта 15 миңдей жоокер көз жумуп, 54 миң жоокер жараат алышкан. 
Кыргызстандан да 7141 тургун согушка катышып, душмандын колунан 300дөн ашуун адам каза болсо, 1500 жоокер жараат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздөн 2 адам Советтер Союзунун Баатыры наамын алган, алар – Юрий Исламов (өлгөн соң сыйланган) жана Сергей Гущин. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан