26- Декабрь 1997 -жылы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз-Кытай чек арасын ратификациялаган
Кыргыз Республикасынын жетекчилиги 1996-1997-жылдар арасында мамлекеттик чек араны белгилөө жана аны коргоо багытында бир канча эл аралык келишимдерди аныктоого жетишкен. Адегенде, Казахстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү 1996-жылы чек ара аймагындагы аскердик ишеним туурасындагы келишимге кол коюшуп, 1996-жылы Кыргызстан менен Кытай Элдик Республикасынын мамлекеттик чек арасын аныктаган келишим кабыл алынган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз-Кытай чек ара келишимин ратификациялаган.