26- Декабрь 1991 -жылы
СССР расмий түрдө жашоосун токтоткон
“Кайра куруу” доорун баштаган СССРдин акыркы жетекчиси Михаил Горбачев 1985-жылдын 11-мартында бийликке келген. Дал ошол М.Горбачевдун доорунда СССРдин катаал жана кандуу режими жумшарып, коомдук түзүлүштү реформалоо жана социализмге жаңы дем берүү аракети максатына жетпей, 1991-жылы дүйнөдөгү ири империялардын бири болгон СССР урап калган.
1991-жылы 8-декабрда Орусия, Украина жана Беларустун ошол кездеги башчылары Борис Ельцин, Леонид Кучма жана Станислав Шушкевич Минск шаарынын жанындагы Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденцияда кезигишкен. Алар СССР “эл аралык мыйзамдын субъекти катары жашоосун токтотконун” жарыялашкан. Ошентип ошол эле жылдын 26-декабрында СССР расмий түрдө жашоосун токтоткон. Үч лидер кол койгон келишимге жараша СССРдин мураскери иретинде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги түзүлө баштаган.