Капитандын жазганына караганда, Ормон хан жазган катты анын жигити Саза алып келген. Майор Перемышльскийдин кайра кайтарган жообунда Ормон ханга улуу жүз казактар менен ынтымак-ырашкерликте жашаш керектиги сунуш кылынып, "эгер анын казактарга карата кандайдыр бир кинеси болсо, орус администрациясына ардактуу адамдарды жиберсеңиз, биз аны чечебиз" деген ишеним айтылат.