30- Декабрь 1975 -жылы Гольф чебери Тайгер Вудс төрөлгөн
Гольф чебери Тайгер Вудс АКШнын Калифорния штатындагы Сайпресс шаарында төрөлгөн. Ал гольф боюнча 3 жолку АКШ (2000, 2002, 2008) жана Улуу Британиянын (2000, 2005, 2006) ачык чемпиондугунун чемпиону, Мастерс сериясындагы мелдештердин 4 жолку жеңүүчүсү, “Жылдын спортчусу” (2000, 2001) наамынын 2 жолку ээси. Тайгер Вудс карьерасында баш-аягы 70 мелдеште жеңүүчү аталган.
Ал эми “Форбс” басылмасынын маалыматы боюнча, Вудс планетанын эң бай спортчусу болуп саналган. Ал кедей үй-бүлөлөрдөн чыккан балдардын гольф менен алектенүүсүнө шарт түзүп берүү максатында “Тайгер Вудс” фондун негиздеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан