31- Декабрь 1941 -жылы
Шотландиялык футбол боюнча машыктыруучу Алекс Фергюсон төрөлгөн
24 жылдан бери “Манчестер Юнайтедди” машыктырып келаткан футбол тарыхында эң ийгиликтүү машыктыруучулардын бири, шотландиялык Алекс Фергюсон Шотландиянын Глазго шаарында төрөлгөн. Алекс Фергюсон 16 жашынан тартып футбол ойноп баштаса, 1974-жылдан тартып 32 жаш курагында "Ист Стерлингшир" клубуна машыктыруучу болуп дайындалган. Ал эми 1986-жылы “Манчестер Юнайтеддин” башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.