31- Октябрь 1889 -жылы Пишпек шаарындагы багбанчылык мектеби кыргыз жеткинчектери үчүн эшигин ачкан
Пишпек шаарындагы багбанчылык мектеби кыргыз жеткинчектери үчүн эшигин ачкан. Окуу жай кийин айыл чарба мектебине айланып, андагы окуу программасынын уюшулушу, билим деңгээли жана бүтүрүүчүлөрдүн сапаттык даярдыгы мектептин атагын Түркстан аймагына тараткан. Аталган мектепте Казакстан республикасынын лидери, айтылуу саясий жана коомдук ишмер Турар Рыскулов окуган. Мектеп башында борбор шаардын Панфилов сейил багында орун алып, кийин ал шаардын түштүк тарабына которулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан