Иосиф Сталин 1953-жылы 5-мартта каза болгон. Анын денеси бальзамдалып, Лениндин мавзолейине коюлган. Андыктан 1953-1961-жылдары В.И.Лениндин жана И.В.Сталиндин мавзолейи болуп калган.
1961-жылы 30-октябрда “Сталин Лениндин осуятын олуттуу бузган. Ал үчүн жол башчынын жанына Сталиндин сөөгү үчүн орун жок” деген сөздөрдөн соң анын сөөгүн башка жакка коюу сунушталган. Өлкө башчылар Сталиндин сөөгүн Мавзолейден алып чыгуу эл арасында ызы-чуу жаратат деген ойдо, аны жашыруун түрдө ишке ашырышкан.
31-октябрь түнү 7-ноябрда өтүүчү парадка шылтап, Кызыл аянтты жабышкан. Сталиндин сөөгү мавзолейден чыгарылып, Кремлдин дубалындагы мүрзөгө коюлган. Муну билген коомчулук ызы-чуу көтөргөн эмес. 1970-жылы Сталиндин көрүстөнүнө Николай Томский жасаган эстелик коюлган.