Генерал-майор, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов Ат-Башы районунун, Баш-Кайыңды айылында туулган. Эмгек жолун колхоздо эсепчи, жети жылдык мектепте мугалим болуу менен баштаган. 1941-жылдын ноябрынан баштап Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1942-жылдын январь айынан тартып, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Степной, 2-украиналык фронттордо замбиректин наводчиги жана командири катары немистик фашисттер менен салгылашкан. 1943-жылдын март айында замбиреги менен өз багытындагы душмандын танк менен койгон чабуулунун мизин кайтарып, ушул эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наамын алган. Согуштан кийин Ульяновскиден Биринчи Гвардиялык танк окуу жайын, Согуштук-саясий академиясын бүтүргөн. Танк взводунун, танк ротасынын командири, полктун командиринин саясый жактан орун басары, Кыргыз Республикасынын согуш комиссариатында пропагандист, Токмок шаардык жана Чүй райондук бириккен жана Фрунзе шаарынын Ленин райондук согуш комиссары, Согуштук мектеп-интернаттын директору болуп иштеген. 2001-жылдын январынан Бишкек шаардык согуш ветерандарынын төрагасы болгон. Ленин, Согуштук 5, "Ардак Белгиси", III даражадагы "Манас" ордендери жана көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган. Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсү болгон.
Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда каза болгон.