3- Ноябрь 1996 -жылы Борбордук Африка Республикасынын 2-президенти Бокасса I каза болгон
Борбордук Африка Республикасында 11 жыл президенттик бийликте турган Жан Бедель Бокасса 75 жашында инфаркттан каза болгон.
Бокасса I 1966-жылдын 1-январынан 1976-жылдын 4-декабрына чейин Борбордук Африка Республикасынын 2-президенти, 1976-жылдын 4-декабрынан 1979-жылдын 20-сентябрына чейин Борбордук Африка империясынын 1-императору болгон. Айрым маалыматтар боюнча, кийин бийликтен кеткен соң каннибалга айланган деп айтылып келген.
Маалыматтарга караганда, Бокасса кээ бир саясий оппонеттерин крокодил жана арстандарга жедиртип салган. Бокасса бийликте турган мезгилинде өлкөдөгү бардык окуучуларга анын үй-бүлөсүнө таандык фабрикада тигилген мектеп формасын гана кийүүгө буйрук берген. Мындай чечимге каршы болгондор көтөрүлүш жасаганда, 100дөн кем эмес адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
1980-жылы Жан Бедель 13 кылмыш жообуна тартылып, ага карата өлүм жазасы өкүмү чыгарылган. Ошондой эле  анын мүлкүнүн баары алынган. Ал каннибализм, адам өлтүрүү, мамлекетке тиешелүү акча каражаттарын уурдоо, зордуктоого күнөөлүү деп табылган.  
Жан Бедель Бокасса 1996-жылы жүрөк пристубунан улам жалгыздыкта жана кедей жашоодо жашап жатып каза болгон. Бокассанын 19 аялы жана 77 баласы болгон. Анын жубайларынын бири Екатерина экөөнүн уулу Бокасса II атасы өлгөн жылы Борбордук Африканын императордук үйүнүн башчысы болуп иштей башташкан. 2011-жылы Жан беделге тиешелүү Франциядагы Ардикур сепили аукционго коюлуп, 915 миң еврого сатылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан