6- Ноябрь 1861 -жылы
Канада-америкалык окутуучу, машыктыруучу Жеймс Нейсмит туулган
Баскетболду ойлоп тапкан америкалык дене-тарбия сабагынын мугалими Жеймс Нейсмит туулуп, 1939-жылы 28-ноябрда 78 жашында каза болгон.
Ал АКШда окуу жайлардын биринде дене тарбиядан сабак берген. Жеймс Нейсмит 1891-жылы кышында студенттерди сыртка чыгарбастан спорттук залдын ичинде топтун жардамы менен ойнотуу үчүн баскетбол оюнун ойлоп тапкан.