30- Май 1431 -жылы Франциянын Руан шаарында Жанна д’Арк өрттөлгөн
Орто кылым. Францияда 100 жылдык согуш жүрүп жаткан убак. Өлкөнү мындай оор абалдан Кудайдын касиеттүү күчү гана сактап калмак. Жанна өзүн Кудайдын элчиси катары жарыялап, “Францияны баскынчылардан бошотуу ыйык милдетим” деп эсептейт. “Кудайдын элчиси” деген аңыз бүткүл Францияны каптап, падыша Карлга чейин жетет. 19 жаштагы Жанна падышанын кабылдамасында болуп, аскер берүүсүн суранат. Эгер анын айткандарын аткарса, падышаны жарык келечек күтөрүн айтып, Карлдын бутуна чөгөлөйт. Падыша ага ишенип аскерлерин берип, Жанна англиялыктар тарабынан басылып алынган жерлерди бошотот. 
Анын англиялыктарга болгон жек көрүүсү өзү төрөлгөн Домреми кыштагында эжеси Катринди баскынчылар өлтүрүп, чала өлүк болгондо зордуктап салышканын көргөндө күч алган. Бирок француз жерин кайтарып алуудагы согушта жоокерлердин өлүмү, адамдын каны суудай аккан ырайымсыздык, согуш талаасында өкүм сүргөн мыкаачылык Жаннанын тынчын алып, ал “Кудайдын алдында күнөөгө баттым” деп өзүн жерийт. 
Жаннанын жеңишинен кийин падыша Карл таажысын кийип тактыга отурат. Бирок кайтарымы жок падыша өлкөсү үчүн көп эрдиктерге барган баатыр кызды сатып кетет. Англиялыктар падыша Карлга ченемсиз алтын берип, Жаннаны туткунга алышат. Ошентип, өз падышасынын кыянаттыгынын айынан жоокер кыз туткунда калат. Чиркөөнүн адилетсиз соту динге каршы келген көз карашы үчүн Жаннаны айыптуу деп табат. Епископ Кошон ага келип “бул кагазга кол койсоң күнөөлөрүң кечирилет” деп айтат. Бирок епископ аны алдап “мурунку көз карашымды танам” деген кагазга кол койдуруп алат. Эртеси, 30-майда аянтта 19 жаштагы Жанна д’Арк эл алдында тирүүлөй өрттөлөт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан