8- Ноябрь 1793 -жылы Париждеги Лувр музейи биринчи жолу эшигин көрүүчүлөргө ачкан
Музейдин имараты эски падышалык чеп-сарай болуп эсептелет. Сарай 1190-жылы падыша Филипп-Август тарабынан тургузулган. Максаты викингдердин (Европанын деңиздеринде каракчылык кылган скандинавиялыктар) кол салуусунан коргонуу болгон. 1317-жылы падышалык казына чеп-сарайга алынып келинет. Ошондон кийин Карл V чеп-сарайды падышалык резиденцияга айлантат. Андан кийин бийликке келген өлкөнүн өкүмдарлары Луврду улам түзөп, кеңейтип, кооздоп жүрүп отурушат. XVIII кылымда Луврду музейге айлантуу сунуштары түшөт. Музейдин долбоору Людовик XV башкарып турган кезде түзүлө баштап, Француз революциясы менен кошо аяктайт. Революция кезинде Лувр Наполеондун резиденциясына айланып, ал Луврдун бир капталына курулуш курдурган. 1871-жылы Париж коммунасын курчоого алуу кезинде Луврдын эң эски бөлүгү өрттөнүп кетет. Калыпка келтирүү иштери жүргүзүлгөн соң Лувр азыркы көрүнүшкө ээ болгон.
Музей түзүлгөн кезде падышалык коллекциянын саны 2500дү түзгөн. Акырындап музейге революция кезинде конфискацияланган падышалык коллекция коюлуп, мезгилдин өтүшү менен экспонаттардын саны өскөн.
Музейде 300 000 экспонат болсо, залга дамамат 35 000дейи гана коюлат. Калган экспонаттар 3 ай көрүүчүлөргө сунушталгандан соң атайын жайларда сактоого коюлат. Бул жарыктан улам сүрөттөгү боёктор өчпөшү жана буюмдардын бузулган жерлери болсо, калыбына келтирүү үчүн камкордук.
Экспонаттар төмөндөгүдөй коллекцияларга бөлүнөт: Байыркы Чыгыш, Байыркы Египет, Байыркы Греция, Ислам искусствосу, айкелдер, искусство буюмдары, көркөм сүрөт искусствосу, графикалык искусство, тематикалык экспозиция, хронологиялык экспозиция.
Луврдагы белгилүү экспонаттардын катарына Леонардо да Винчинин “Жоконда” (“Мона Лиза”) баш болгон көптөгөн чыгармалары, Рембрандттын, Рафаэлдин сүрөттөрү, Хаммурапинин (Вавилониянын падышасы) мыйзамдар жыйнагы жана башкалар кирет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан