Германиядагы капиталисттик-коммунисттик системди бөлүп турган Берлин дубалы уратыла баштаган. Элдик толкундоодон улам ГДР өкмөтү дубалды уратып, чек араны ачууга аргасыз болгон. Анын ары жагынан батыш берлиндиктер чыгыштыктарды кучак жайып тосуп алышкан. Жыл башында эле ГДР лидери Эрик Хонеккер дубал дагы 100 жылга былк этпесин айткан. Ал эми 1990-жылдын 1-июлунда ал жерден чек ара көзөмөлү таптакыр алынган.