Гейл Борден АКШнын Нью-Йорк штатында 1801-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын үй-бүлөсү 1814-жылы Кентукки штатына, андан ары Индиана штатына көчүп барып жашап калышкан. 1821-жылы Г.Борден ден соолугуна байланыштуу Миссисипи штатынын түштүк-батышына көчүп барып, мектепте мугалим болуп эмгектенет. 1829-жылы Г.Борден Техас штатына барып, шаардын алгачкы топографиялык картасын иштеп чыгат. 1835-жылы ал Томас аттуу бир тууганы менен Техас штатынын “Telegraph and Texas Register” деп аталган алгачкы гезитин негиздешкен. Ошондой эле Г.Борден аталган штаттын конституциясын түзгөнгө жардам берген. Г.Борден деңиз жээгинде коюлуучу кийим алмаштыруучу кичинекей кабинаны дагы ойлоп тапкан. Мындан тышкары Г.Борден эттен бисквит жасоо менен алектенген. Мындай тамак узун мөөнөткө чейин бузулбай сакталып, узак сапарга чыккан адамдарга керектүү тамак-аш болгон. Бирок анын даамы жакшы эмес болгондуктан, дүйнө жүзүнө тараган эмес.
1853-жылы Г.Борден коюлтулган сүттү ойлоп таап, 1856-жылы 19-августта ага патент алган. 1856-жылы Нью-Йоркто коюлтулган сүттүн компаниясы ачылган. АКШда жарандык согуш болгон учурда коюлтулган сүткө болгон суроо-талап күчөп, Г.Бордендин компаниясынын кирешеси көбөйгөн. Г.Борден 1874-жылы 11-январда бул дүйнө менен кош айтышкан.