11- Ноябрь 1920 -жылы Ойдон чыгарылган англиялык тыңчы Жеймс Бонд төрөлгөн
Айрым маалыматтар боюнча, ойдон чыгарылган англиялык тыңчы Жеймс Бонд төрөлгөн.
Алглиялык жазуучу, журналист Ян Флеминг 42 жашында жашоонун бардык кызыкчылыгынан кечип, жалгыз аралга кетүүнү чечет. Түйшүктүү кесибинен баш тартканы менен, Яндын жан дүйнөсү тынч ала албайт. Ямайкадагы вилласында жалгыз күн кечирип, тамеки тарта деңиз жээктеп ойлонуп жүрүп, жеңилбес Бонддун образын ойлоп табат. Ал учурда Ян өзү да тарыхта кала турган каарманды түзүп жатканын билген эмес.
Флеминг Экинчи дүйнөлүк согушта Британия падышачылыгынын алдындагы флотто чалгынчы болуп кызмат кылган. Ошондуктан Бонддун образын түзүүдө өзүнүн тажрыйбасына таянган. Бонддун жашоодогу персонажы жок, жалаң гана автордун фантазиясынан жаралган. Айрымдар Ян менен Бонддун ортосунда окшоштуктар бар экенин айтышкан. Ян да акыркы модадагы машинага, сулуу кыздарга, кумар оюндарына кызыкчу. Ал эми Жеймс Бонд деген атты канаттуулар тууралуу китеп окуп, ошондогу орнитологдун атын алган. Бонд тууралуу чыгармалар 20-кылымдын мыкты бестселлерине айланып, 40 миң нуска менен жарык көргөн.
Жеймс Бонд тууралуу китептер популярдуулуктун туу чокусунда турганда экрандаштыруу бактысын көп режиссёрлор талашкан. 1954-жылы америкалык сериалга Бонд тууралуу 5 мүнөттүк эпизод гана тартылат. Бул Бондиананын алгачкы тепкичи эле. Ушундан кийин Бонддун доору башталып, 1962-жылы биринчи жолу режиссёр Теренс Янг Бондду экрандаштырган. 1962-жылдан тартып 2009-жылга чейин Бонд тууралуу 22 фильм тартылып, фильмдерди жалпысынан “Бондиана” деп аташкан. Бонд тууралуу тасмалар өз жаратуучуларына 6 миллиард доллар киреше түшүрүп, тарыхта эң узун киносериал катары тааныла алган.
Жеймс Бонддун ролун англиялык актёр Шон Коннери, австриялык актёр Жорж Лэзенби, англиялык Роджер Мур, Тимоти Далтон, ирландиялык - Пирс Броснан жана англиялык Дэниэл Крейгдер аткарышкан.
Шон Коннери
(тартылган жылдары –1962, 1963, 1964, 1965, 1967, 1971, 1983)
Шон Томас Коннери Бондиананын алгачкы тасмасы болгон “Доктор Но” тасмасында Бонддун ролуна тандалып алынып, 6 миң фунт өлчөмүндөгү гонорар алган. Бонддун ролу ага даңк, байлык эле эмес, чыгармачылык түйшүк да тартуулаган. Ролдон эки жолу баш тартып, бирок кайра тартылууга аргасыз болгон. “Эң мыкты Бонд ким?” деген сурамжылоо жүргүзүлгөндө ар жылы биринчиликтен Шон Коннери түшпөй келет.
Жорж Лэзенби
(тартылган жылы – 1969)
Жорж Лэзенби кокусунан съёмка жүрүп жаткан аянтка келип калып тартылып калат. Лэзенби тасмада бардык трюктарды өзү аткарганы менен башка Бонддордон айырмаланган. Бирок анын Бондго тиешелүү харизмасы жок эсептелинип, Бондду эң начар айногон актёр катары бааланган.
Роджер Мур
(тартылган жылдары – 1973, 1974, 1977, 1979, 1981, 1985)
Роджер Мурдун өзгөчөлүгү – Бонддун эң карыгандагы кезин ойногонунда. Мур 46 жашында китептин автору Ян Флеминг өзү бул ролду сунуштаган. Баса, Коннери түзгөн супер тыңчынын ролуна тамашакөйлүктү көбүрөөк кошкон актёр Роджер Мур болгон.
Тимоти Далтон
(тартылган жылдары – 1987, 1989)
Келишимдүү, таланттуу актёр Тимоти Далтон бул ролго чейин эле белгилүү болчу. Ошондуктанбы, бардыгы сыймык көргөн супер тыңчынын ролун аткаргысы келген эмес. Тимоти Бонддун адамдык алсыздыктан алыс эмес, реалдуу жүзүн ачып берген.
Пирс Броснан
(тартылган жылдары – 1995, 1997, 1999, 2002)
Бондду Шон Коннериден кийин мыкты ойно­гон Пирс Броснан көпчүлүккө жаңы Бонд­дун жүзүн ачып берген. Ошол себептен “Кон­нериден кийинки эң мыкты Бонд” деген мактоого ээ болгон.
Дэниэл Крейг
(тартылган жылдары – 2006, 2008)
Учурдагы акыркы Бонд – Дэниэл Крейг. Ал Бондду аткаргандардын ичинен эң көп гонорар алгандыгы менен айырмаланат. Айта кетсек, "Казино Рояль" тасмасы үчүн 10 миллион 400 миң доллар гонорар алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан