14- Ноябрь 2007 -жылы
Бишкек шаарынын депутаттары Данияр Үсөновду мэр кылып шайлашкан
Бишкек шаарынын депутаттары Данияр Үсөновду мэр кылып шайлашкан.
Данияр Үсөнов 1960-жылы 9-мартта Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. 1990-жылдардын башында Кара-Балта шаардык администрациясында иштеген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2000-2001-жылдары “Эридан” компаниясынын башкы директору, 2001-2005-жылдары “Инексимбанктын” Директорлор кеңешинин төрагасы, 2005-жылдын 24-мартынан кийин вице-премьердин милдетин аткаруучу, 2006-2007-жылдары биринчи вице-премьер болгон. 2007-жылы Бишкек шаарынын мэри, 2008-жылдын июлунан тарта Кыргыз Республикасынын Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы, ал эми 2009-жылдын 21-октябрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин премьер-министр болуп иштеген.